Таиланддын башкалаасында «итиңди жумушка ала кел» деген жаңы тренд жайылууда. Мындай практиканы өзгөчө туруктуу иш сааттары белгиленбеген кеңселерде көп пайдала

  • 6 years ago
Таиланддын башкалаасында «итиңди жумушка ала кел» деген жаңы тренд жайылууда. Мындай практиканы өзгөчө туруктуу иш сааттары белгиленбеген кеңселерде көп пайдаланышат. Жетекчилер бул стресстен арылуудан тышкары кызматкерлерди кармап калууга жардам берерин айтышат.Иттердин иш кеңселердеги пайдасын бир катар илимий излдөөлөр да бышыкташат. Бирок, аллергия, жаныбарлар аркылуу жуккан инфекциялар өңдүү кооптуу жагдайлар да бар деп эскертишет.

«YDM" деп аталган реклама агенттигинде бир эле мезгилде 200дөй кызыматкер жана 20 ит аралашып жүрө беришет.

Ушул жана башка жаңылыктар #БүгүнАзаттыкта:


- Армения бийлиги кайрадан кризиске кептелди. Премьер-министр Никол Пашиняндын колдоочулары көчөгө чыгышты.
- Кытайдын Шинжаң аймагындагы этникалык казактар менен уйгурларды басмырлоо тууралуу улам жаңы окуялар белгилүү болууда.
- Нобелдин химия боюнча сыйлыгына экологиялык технологияны өнүктүрүүгө бараандуу салым кошкон илимпоздор татыды.

Recommended