АКШ президентин бейшембиде Британия премьери Тереза Мэй шаан-шөкөт, оркестрдин коштоосунда тосуп алды. Ошол эле маалда Трамп жергиликтүү The Sun гезитине маек к

  • 6 years ago
АКШ президентин бейшембиде Британия премьери Тереза Мэй шаан-шөкөт, оркестрдин коштоосунда тосуп алды. Ошол эле маалда Трамп жергиликтүү The Sun гезитине маек куруп, Евробиримдиктен чыгуу саясатын чечкиндүү жүргүзбөй жатканы, кеп-кеңештерин укпаганы үчүн премьер айымды кескин сындады.

АКШ президенти өткөн жумада кабыл алган “жумшак брекзит” саясатын жүзөгө ашыра турган болсо Британ өкмөтү менен соода келишимин түзбөй коюшубуз ыктымал деди. Кызматтан кеткен экс-тышкы иштер министри Борис Жонсонду "мыкты премьер-министр" катары көрүп турганын да жашырган жок.

Бул тапта Лондондо Трамптын саясатына каршы британдар митингге чыгып, аны кебетесин чагылдырган алты метрлик шар үйлөштү. Алар Трампты сиркеси суу көтөрбөй турган, жалаякчан кичине баланын образында көрүп жатышат.

Recommended