Түркмөнстанда көп аял алууга расмий тыюу салынды. Үй-бүлөлүк кодекстеги өзгөртүү 1-сентябрдан тарта күчүнө кирет. “Анда эки же бир нече аял менен бирге жашап, ч

  • 6 years ago
Түркмөнстанда көп аял алууга расмий тыюу салынды. Үй-бүлөлүк кодекстеги өзгөртүү 1-сентябрдан тарта күчүнө кирет. “Анда эки же бир нече аял менен бирге жашап, чогуу чарба жүргүзүү көп аялы бар делип эсептелет” делинет. Мыйзамды бузгандарга эки жылга чейин эмгек жазасы же ири өлчөмдө айыппул каралган. Мурдагы президент Сапармурат Ниязов эгемендиктин алгачкы жылдары көп аялдуулукка уруксат берүүнү демилгелеген. Ал демилге түркмөн интеллигенциясынын нааразылыгынан улам ишке ашкан эмес.

Recommended